Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Мунапыс тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууга даярдалууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда абактагыларга кезектеги мунапыс жарыялоо тууралуу мыйзам долбоору парламентте экинчи окууга даярдалууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин депутаты, долбоордун авторлорунун бири Айнуру Алтыбаева билдирди:

«Мыйзам долбоору укуктук, укук коргоочулук, антикоррупциялык, гендердик экспертизадан өткөн. Биринчи окуудан өттү. Эми экинчи окууга депутаттар сунуш берсе юристтер карап чыгат. Андан кийин комитетке, жалпы жыйынга чыгарылат».

«1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштагы Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» деп аталган мыйзам долбоорун 20дай депутат иштеп чыккан. 15-апрелде ал парламентте биринчи окууда бир добуштан кабыл алынган.

Эгер экинчи жана үчүнчү окууда да жактырылып, кабыл алынса, президентке кол коюуга жөнөтүлөт.

Депутат Алтыбаева буга жалпысынан 1,5-2 ай убакыт кетиши мүмкүн экенин айтты.

Мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирсе айрым категориядагылар жазык жазасынан бошотулат же жазасынын өтөлө элек бөлүгү кыскартылат.

Алар: 60тан ашкан эркектер жана 55 жаштан жогору курактагы аялдар, I жана II топтогу майыптар, экиден кем эмес майда балдары барлар, майып баласы бар үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу болгон адамдар жана биринчи жолу анча оор эмес кылмыш кылып түрмөгө түшкөндөр.

Жалпысынан Кыргызстандын түрмөлөрүндө бүгүнкү күндө тогуз миңдей соттолгон адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял. Улгайгандардын саны 250нүн тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG