28-апрелде Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;
Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 25…30;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…2;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 29…31 градус болот.