Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:52

Сирия Израилдин ракеталарын атып түшүргөнүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сириядагы SANA мамлекеттик маалымат агенттиги Израил 27-апрелде Дамаск шаарын ракеталар менен аткылаганын, бирок алардын көбү атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Анда «ракеталар Ливандын аймагынан учурулган, бирок көздөгөн аймакка жеткиче эле жок кылынды» деп айтылат. Азырынча жабыркагандар, кыйроо тууралуу маалымат жок.

Эксперттер Сириядагы мамлекеттик маалымат каражаттары мындай учурда өкмөттүк күчтөрдүн ийгилигин ашкере көкөлөтөрүн белгилешет.

Израил адатта Сириянын аймагындагы объектилерге койгон чабуулдарын чанда гана мойнуна алат жана дээрлик комментарий бербейт. Бирок соңку жылдары Тел-Авив Сирияда өкмөттүк аскерлер жайгашкан жайларга, Иран колдогон топторго, анын ичинде «Хезболла» кыймылына каршы жүздөгөн чабуул койду.

Иран, Орусия жана «Хезболла» тобу жүз миңдеген адам көз жумган, быйыл он жылга аяк баскан Сириядагы согушта президент Башар Асадды колдоп жүрөт. Ал эми Израил Ирандын Сирияда аскерлеринин туруктуу калып, күч алышына жол бербей турганын эскертип келет.

XS
SM
MD
LG