Кыргызстанга сырттан кирип жаткан жүк ташуучу машинелердин айдоочуларын COVID-19 вирусуна текшерүү күчөтүлдү. Бул тууралуу коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын 27-апрелдеги жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, чет өлкөлөрдөн келген айдоочулар коронавирус илдетин аныктоого тапшырган анализдери толук чыкмайынча обсервацияда болушат.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жүк ташуучу автоунаалардын транзит аркылуу тоскоолдуксуз өтүшүн жана зарыл товарларды мөөнөтүнөн кечиктирбей жеткириш үчүн айдоочулардын саламаттыгына да көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.
«Өзгөчө көңүлдү жүк ташуучулардын андан аркы кыймылына буруу керек. Тилекке каршы, үй карантинине чыгарылган адамдар башкалардын жашоосу үчүн коркунуч жаратып, ишин улантып жүрүшөт. Ошондуктан жүк жеткирилген соң анализдин жыйынтыгы чыкканча алар биздин көзөмөлдө болот», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.
Биринчи вице-премьер-министрдин тапшырмасы менен тиешелүү мамлекеттик органдарга жүк ташуучу машинелердин Кыргызстанга киришин жана андан аркы багытын көзөмөлдөө алгоритмин жакшыртуу милдети жүктөлдү.
Республикалык штабдын жыйынында ошондой эле Саламаттык сактоо, Ички иштер министрликтеринин, өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелер талкууланды. Учурда коронавирус чыккан жерлерде үймө-үй кыдыруу иштери жүргүзүлүп жатат.
Ош шаарында, Ноокат районунда Орусиядан жүк ташып келген айдоочулардан коронавирус илдети табылган. Алар менен байланышта болгон адамдар, үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары обсервацияга алынган.
27-апрелдеги маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда СOVID-19га чалдыккандар 695 адамга жетти. 395 адам айыкты. 312 адам ооруканада, 12 адамдын абалы оор. 8 адам каза болду. (ZKo)