Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Ким Чен Ын бир айдан бери коомчулукка чыга элек


Ким Чен Ын.
Ким Чен Ын.

Түндүк Кореянын лидеринин көрүнбөй калышы ар кандай жоромолдордун чыгышына жем таштады. Кимдикине окшош поезд өлкөнүн курорттук аймактарынын биринде токтоп турганын чагылдырган, жандоочтон алынган сүрөттөр жарыяланды.

Буга чейин Түндүк Корея лидеринин тышкы саясат боюнча башкы кеңешчиси Кимдин саламаттыгы жакшы экенин жана ал эс алып жатканын билдирген.

Түштүк Кореянын расмий адамдары азырынча ар кандай имиштерден алыс болууга чакырышты.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары «Ким Чен Ын каза болуптур» деп жазышса, башкалары «жүрөгүнө операция жасалып, комадан чыга элек» деп кабарлап жиберишкен. Мындай кептердин чыгышына анын өлкөдөгү эң маанилүү майрамдардын бири болуп саналган, чоң атасы Ким Ир Сендин туулган күнүндөгү иш-чарага катышпаганы да негиз болду.

XS
SM
MD
LG