Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:54

Дүйшөмбү телесериалда тажик элчиси келекеленгени үчүн Нур-Султанга нота жөнөттү


Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда «Патруль» телесериалында тажик элчисин келеке кылышканы үчүн Нур-Султанга каршылык нотасын жөнөттү. Ошондой эле тасманы тарткандарга укуктук баа берилишин талап кылды.

Мунун алдында Казакстанда «Патруль» деп аталган телесериалда тажик дипломатын бир тилден башка тил билбеген, бети-башы ботала болгон адам катары көрсөтүшкөн. Тасманын башкы каармандары болгон полиция кызматкерлери аны биринчи машинесин, андан кийин бетин мажбурлап жуудуртушкан. Сериалда ал мурда издөөдө жүргөн адам болуп чыккан жана аны мекенине экстрадициялашкан.

Тасманын бул эпизоду Тажикстанда социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан.

Расмий Нур-Султан буга байланыштуу азырынча үн ката элек.

XS
SM
MD
LG