Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-декабрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 04:15

Түркмөнстанда мамкызматчыларга чач-тырмагын боёгонго кайрадан тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөн бийлиги мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлердин кийим-кечесине, кебете-келбетине байланыштуу талапты дагы күчөттү. Ага ылайык, чачын боёп, тырмак-кирпигин өстүргөнгө кайрадан тымызын тыюу салынды.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы бардык бюджеттик мекемелерде иштегендерге, анын ичинде мугалимдерге мындан ары чачын боёп, жасалма кирпик такканга, тырмагын боёп, узартууга болбойт деген эреже киргенин жазды. Ошондой эле сулуулук салондоруна буга байланыштуу эскертүү берилгени маалым болду.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы буга байланыштуу Аялдар бирикмесинин башкы кеңешине кайрылып, комментарий ала алган жок.

Түркмөнстанда ушундай тыюу алгач 2008-жылы жазында киргизилген, бирок бара-бара мындай талап жумшарып калган. Ошол жылы «Amnesty International» укук коргоо уюму Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдарга карата басмырлоону токтотуу комитетинин жыйынында түркмөн бийлигин кыз-келиндердин укугун жана эркиндигин чектөөнү токтотууга чакырган.

XS
SM
MD
LG