Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 134 млн. сом топтолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

27-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус менен күрөш үчүн Саламаттык сактоо министрлигинде ачылган депозиттик эсепке 134 млн. 144 миң сом которулду. Өкмөттүн аппараты демөөрчүлөр, катардагы жарандардан чогулган акчанын 38 млн. 559 миңи медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн коротулганын билдирди.

Андан тышкары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 16 млн. 360 миң сом чогулса, ушул күнгө чейин 13 млн. 380 миңи сарпталды.

Ал эми Бишкек мэриясында ачылган дагы бир депозиттик эсепке 4 млн. 296 миң сом түшсө, анын 2 млн. 681 миң сому колдонулган. Аталган үч мекеменин эсебине элден түшкөн акчалай жана гуманитардык жардамдар тууралуу https://help.covid.kg/ сайтынан маалымат жарыяланып турат.

XS
SM
MD
LG