Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Тарых илимдеринин доктору, профессор Турду Жыргалбеков дүйнөдөн кайтты


Маркум Турду Жыргалбеков.
Маркум Турду Жыргалбеков.

Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүнө салым кошкон, тарых илимдеринин доктору, профессор Турду Жыргалбеков 21-апрелде дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети билдирди.

Турду Жыргалбеков 1932-жылы 30-декабрда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында туулган. 1955-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. 1961-жылы Москва шаарындагы ЦК КПССдин жогорку партия мектебин аяктаган. Профессор, тарых илимдеринин кандидаты. Жети монография, үч окуу курал, 70тен ашык илимий макалаларды чыгарган.

Эмгек жолун Ак-Талаа районунун орто мектебинде мугалим, райондук эл агартуу бөлүмүндө инспектор, андан соң райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы, «Айыл турмушу» райондук гезитинин редактору болуп иштей баштаган.

1970-жылы кандидаттык диссертациясын жактап тарых илимдеринин кандидаты деген наам алган. 1998-жылы «тарых илимдеринин доктору», 2003-жылы «профессор» деген наамдарга ээ болгон.

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн 2002-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG