Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:16

ИИМ: 320 автоунаа айып токтотмосуна коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарында, Ат-Башы, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда 27-28-апрелде саат 21:00-06:00 аралыгында коменданттык сааттын талабын бузган 72 жаран кармалды. Үч автоунаа айып токтотмосуна коюлду.

Алардын ичинен Бишкек шаарында – 57, Ош шаарында - 3, Жалал-Абад шаарында - 1, Сузак районунда - 4, Нарын шаарында - 2, Ат-Башы районунда 5 адам кармалды.

Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузгандар катталган жок.

Жалпысынан 25-марттан 28-апрелге чейин өлкө аймагында коменданттык саат учурунда 3654 жаран кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыгы эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жана убакыт бүткөндө коё берилген. Ошондой эле 25-марттан бери бир айдан ашык убакытта 320 автоунаа айып токтотмосуна киргизилди.

ИИМ жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырды. Мындан тышкары Интернет аркылуу жалган маалымат тараткандарга мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертти.

Кыргызстандын коронавирус көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда президенттин жарлыгы менен 30-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда саат 21:00 – 06:00 аралыгында көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG