Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:52

Екатеринбургдан чартердик учак менен 157 адам учуп келди


«Манас» эл аралык аэропорту. 22-апрель, 2020-жыл.
«Манас» эл аралык аэропорту. 22-апрель, 2020-жыл.

28-апрелде «Манас» эл аралык аэропорту Орусиянын Екатеринбург шаарынан келген чартердик рейсти тосуп алды. Коопсуздук чаралары үчүн учакта келген 157 жүргүнчү аба майданынын имаратына киргизилбестен, учуу тилкесинен тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү. Ушул эле учак Бишкектен Екатеринбургга Орусиянын жарандарын алып кетет.

Орусиянын Екатеринбург шаарынан Бишкекке чартердик рейсти «Урал аба жолдору» авиа компаниясы алып келди.

Коронавируска байланыштуу чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай калган кыргызстандыктардын жагдайы 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында талкууланган негизги маселелердин бири болгон.

Екатеринбургдан 6-апрелде 17 кыргызстандык кайтарылып келген. 22-апрелде Новосибирскиден чартердик каттам менен 176 кыргызстандык келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG