Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:36

Ысык-Көлдө обсервациядагы медицина кызматкерлери үйлөрүнө чыгышты


Обсервациядан чыккан дарыгерлер. Ысык-Көл облусу. 28-апрель, 2020-жыл.
Обсервациядан чыккан дарыгерлер. Ысык-Көл облусу. 28-апрель, 2020-жыл.

Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, 28-апрелде жалпы 24 медицина кызматкери үйүнө чыкты. Анын айтымында, биринчи жолу коронавирус аныкталган бейтап облустук ооруканага 6-апрелде жугуштуу оорулар бөлүмүнө кабыл алынган. Бул оорулуулар менен 12 медицина кызматкери иштеп, күнү-түнү жанында болгон.

«Бейтаптардын анализи кайталанып алынып, баары таза чыккандан кийин биздин медицина кызматкерлери да обсервацияга алынган. Алар жалпысынан бир ай бою ооруканадан чыккан эмес. Бүгүнкү күндө медицина кызматкерлеринин абалы жакшы, буюрса үйлөрүнө кетишти», - деди ал.

Маалыматка караганда, 12 медицина кызматкери коронавирус аныкталган бейтаптар менен түздөн-түз иштешсе, калган 12 медицина кызматкерлери берки кесиптештерин обсервация учурунда кароого алган.

28-апрелге карата Ысык-Көл облусунда 10 адамдан коронавирус аныкталган. Учурда аймакта 65 киши обсервацияда.(KS)

XS
SM
MD
LG