Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:32

Дүйнөдө коронавирус жуккандар үч миллиондон ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул оорудан кеминде 210 миң киши көз жумду. АКШда илдетке кабылгандар бир миллион адамга чукулдап калды, каза болгондордон саны 56 миң кишиге жетти.

Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп 27-апрелде коронавирус 70 миңдей адамдын өмүрүн кыйышы ыктымал экенин эскертти. Анын администрациясы жетиштүү өлчөмдө тест менен камсыз кыларын, штаттарда жашагандардын кеминде 2,6 пайызын тесттен өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн билдирди.

Ал арада айрым мамлекеттер ооруга кабылган жана көз жумган адамдар азая баштагандыктан карантин эрежелерин жумшартып жатат. Австралияда соңку бир күн ичинде коронавирус 12 гана адамдан табылды.

Кытайда акыркы бир күндүн аралыгында оору жуккан алты учур болду. Эки жумага чукул убактан бери адам өмүрү кыйылган учур каттала элек. Мамлекеттик маалымат каражаттары Шэньси провинциясында Москвадан учуп келгендердин арасынан 20 адамдан коронавирус аныкталганын жазышты.

Илдет биринчи жайылган Ухань шаарында ооруканаларда COVID-19 вирусунан дарыланып жаткан бир да бейтап калган жок. 27-апрелден тартып Бээжин менен Шанхай шаарларында мектептер кайра ачылды.

АКШнын президенти Дональд Трамп 27-апрелде жаңы вирустун жайылып-таркап кетишине байланыштуу Кытайды дагы күнөөлөдү.

Ал арада Орусия ооруган адамдардын саны боюнча Кытайдан ашып өттү. Бул өлкөдө коронавирус 87 миңден ашык адамдан табылды, жан бергендери 794 кишиге жетти.

XS
SM
MD
LG