Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Токиодо Олимп оюндары эмдиги жылы да өтпөй калышы мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токио-2020 жайкы Олимп оюндарын уюштуруу комитетинин башчысы Йоширо Мори эгер коронавирус пандемиясы толук көзөмөлгө алынбаса, эл аралык мелдеш эмдиги жылы да өтпөй калышы мүмкүн экенин билдирди. Ал Жапониядагы «Nikkan Sports» басылмасындагы маегинде дүйнө пандемияны жеңбесе, оюндар дагы бир жылга жылышы ыктымал экенин айтты.

Жапон медициналык бирикмесинин башчысы Йошитакэ Йококуро 28-апрелде өткөн басма сөз жыйынында дартка даба болчу дары менен вакцина тезирээк табылат деп үмүт кыларын, болбосо оюндарды эмдиги жылы өткөрүү оор болорун эскертти.

Олимп оюндарынын 124 жылдык тарыхында бул иш-чара согуштун айынан өтпөй калган учурлар болгон, бирок мөөнөтү бир да жолу жылдырылган эмес.

Токиодо жайкы Олимп оюндары 24-июлдан 9-августка чейин өтмөк, бирок өткөн айда коронавирустун айынан эмдиги жылга калган.

XS
SM
MD
LG