Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:12

Өзбекстанда катуу шамалдан бир адам мерт болуп, 30дайы жабыркады


Бухарада катуу шамал төрт саатка чейин басылган жок.
Бухарада катуу шамал төрт саатка чейин басылган жок.

Өзбекстандын түштүк-чыгышындагы Бухара облусунда дээрлик төрт саатка созулган катуу шамалдын кесепетинен бак-дарактар кыйрап, 140 миңден ашык түтүн жарыксыз, газсыз калды. Табыгый кырсыктын айынан бир адам мерт болуп, бери дегенде 30дай киши жаракат алды.

Мамлекеттик метеорологиялык борбор шамалдын ылдамдыгы саатына 90 чакырымга жеткенин билдирди.

Чукул кырдаалдар министрлиги табыгый кырсык Навои, Самарканд жана Кашкадарыя облустарына да кесепетин тийгизгенин маалымдады. Чыгашаны эсептеш үчүн мамлекеттик комиссия түзүлдү.

Катуу шамал Түркмөнстандын Түркмөнабат шаарында да болду. «Азаттыктын» түркмөн кызматы анда көп кабаттуу үйлөрдүн шыйпырларын шамал учуруп кеткенин, бак-дарактар кыйраганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG