Кыргызстанда үй карантин талабын бузгандар боюнча чечим кабыл алына баштады. 28-апрелде Республикалык ыкчам штабдын жыйынында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов алты адам административдик жоопко тартыларын билдирди.
Анын айтымында, Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесине ылайык санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузгандар үчүн 20 миң сомдон 60 миң сомго чейин айыппул каралган.
Мындан тышкары штабдын жыйынында белгиленгендей, атайын мобилдик тиркеме аркылуу дагы 151 адамдын үй карантин эрежесин бузганы аныкталды. Алар боюнча тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлөрү айтылды.
28-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан адамдар менен контактта болгондордун жалпы саны 2915 адам, алардын 1012 обсервацияда жатат. Вирус жуккандардын жалпы саны 708 киши болду, алардын ичинен 8 бейтап каза тапты. 416 бейтап айыгып чыкты. (RK)