Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:31

Дүйнөдө жаңжал менен табигый кырсыктан улам жер которгондор көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Былтыр дүйнө жүзүндө 33,4 миллион адам кандай жаңжалдардан улам жана табигый кырсыктардын кесепетинен жер которгонго аргасыз болгон. Бул тууралуу Качкындар иши боюнча норвегиялык кеңеш менен анын Өз өлкөсүндө жер которууну көзөмөлдөө борбору 28-апрелде жарыялаган баяндамасында айтылат.

Ага ылайык, учурда дүйнөнүн ондогон өлкөсүндө там-ташын таштаганга аргасыз болгон адамдардын жалпы саны 50,8 миллион кишиге жетти жана бул эң чоң көрсөткүч болуп саналат.

Өз өлкөсүндө жер которууну көзөмөлдөө борборунун башчысы Александра Билак коронавирус пандемиясынан улам мындай адамдардын абалы ого бетер оорлогонун белгиледи:

«Өз өлкөсүндө жер которууга аргасыз болгондордун көбү - калктын аялуу катмары жана алар адатта адамдар шыкалган лагерлерде, кыйраганы калган жайларда эптеп күн көрүшөт жана саламаттыгына кам көрө алышпайт».

Качкындар иши боюнча норвегиялык кеңештин баш катчысы Ян Эгаланн: «Жылдан жылга жаңжалдын, зордук-зомбулуктун айынан миллиондогон адам үй-жайын таштай качууда. Биз дүйнөдөгү элдин эң аялуу катмарын коргой албай жатабыз», - деди.

Былтыр Индия, Бангладеш, Мозамбик, Багам аралдарында жана Африканын айрым өлкөлөрүндө ири табигый кырсыктар катталды. Ооганстанда, Сирияда, Конго Демократиялык Республикасында, Эфиопияда, Түштүк Суданда жана Буркина-Фасодо чыр-чатактар токтогон жок.

XS
SM
MD
LG