Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын облустагы өкүлү Кеңешбек Дүйшөмбиев «Азаттыкка» билдирди:
«Биздин ишканага өкмөттүн облустагы өкүлү кайрылып, зоопаркка жардам берүүбүздү өтүнгөн эле. Ошол кайрылуунун негизинде биздин жетекчилик каражат бөлүүнү чечип, 5 миң доллар карап берди. Бул каражатка зоопарктагы жандыктарга керектүү болгон бардык азык алынат».
Азыр зоопаркта 150 жаныбар бар. Буга чейин зоопарктын жетекчилиги элден жардам сурап, социалдык тармактарда кайрылуу тараткан. Анда жандыктар карантиндин айынан ачка калышы мүмкүн экендигин айткан. Мындан улам жергиликтүү тургундар да зоопаркка азык-түлүк жеткирип беришкен. (KS)