Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» бекети убактылуу жабылат


Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-Кытай чек арасындагы өткөрмө бекети Кытайда өтүүчү «Эмгек күнү» майрамына карата 30-апрелден 5-майга чейин жабык болот. 6-майдан тартып кайра ишин жандантат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Алай районундагы «Эркечтам» өткөрмө бекети - Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда азыр иштеп жаткан жалгыз бекет. Ал коронавирус пандемиясына байланыштуу январь айында жабылып, Кыргызстандын өтүнүчү менен 15-апрелден тартып ишин кайра жанданткан.

Нарындагы «Торугарт» өткөрмө бекети коронавирус пандемиясына байланыштуу январь айында жабылган боюнча ачыла элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG