Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:04

ILNA агенттигинин башкы редактору карикатура үчүн айыпталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Иранда жарым-жартылай расмий ILNA маалымат агенттигинин башкы редактору менен социалдык тармактар боюнча администратору өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеини келекелеген карикатура мультфильмге байланыштуу өткөн аптада камакка алынган. Башкы редактор Масуд Хейдари көп өтпөй күрөөгө бошотулган, ал эми социалдык тармактар боюнча администратор Хамид Хажу дагы деле камакта.

Тегерандын прокурору Али Альгаси Мехр 27-апрелде бул окуяга байланыштуу тергөө жүрүп жатканын билдирди. "Келекелеген тасма жарыялангандан кийин эле алып салууга буйрук берилген", - деди.

ILNA өзүнүн Телеграмм каналында жарыяланган бул мультфильмге тиешеси жоктугун, мындай иш каршылаштарынын колунан келиши ыктымалдыгын билдирип жатат. Ал карикатура тасмада коронавирусту дарылоонун жалган жолдору, анын ичинде төөнүн заарасын ичүү сыяктуу айрым динзарлар колдонгон ыкмалар даңазаланган.

Нью-Йорктогу Журналисттерди коргоо комитети Тегеранды Хейдари менен Хажуга каршы тергөөнү токтотуп, алардын эркин иштешине мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG