Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн 10-майга чейин узартуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган жарлык кол коюлгандан тартып күчүнө кирет жана Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет. Парламент депутаты Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңеш бул маселени караш үчүн 30-апрелде жыйынга чогуларын айткан.
Калган аймактарда 30-апрелде өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.
Өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилип, кийин 30-апрелге чейин узартылган. Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 15-апрелден 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген болчу. (BTo)