Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

USCIRF Индияны дин эркиндигин бузган өлкөлөрдүн катарына кошту


Индияда дин саясатына байланыштуу бир катар нааразылык ациялары өткөн.
Индияда дин саясатына байланыштуу бир катар нааразылык ациялары өткөн.

АКШнын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы (USCIRF) Индияны дин эркиндигинин бузган эң начар өлкөлөрдүн тизмесине киргизди. Аталган комиссия 2019-жылдагы дин эркинидигин абалы тууралуу 28-апрелде баяндама жарыялады.

Анда Кытайда 1,8 миллиондой уйгур жаранынын атайын лагерлерге кармалышы, Орусияда «Жахабанын күбөлөрүнө» каршы куугунтук, Пакистанда аялдарды ислам динин кабыл алууга мажбурлоо өңдүү көрүнүштөр белгиленген. Бирок комиссия 2004-жылдан бери биринчи жолу Индияны диний азчылыктарга карата соңку саясатына байланыштуу бул тизмеге кошту.

Тизмеде Бирма, Кытай, Эритерия, Иран, Түндүк Корея, Пакистан, Сауд Арабиясы, Тажикстан жана Түркмөнстан бар. Баяндамада Өзбекстан менен Суданда жылыш бар экени айтылып, тизмеден чыгарылганы айтылат.

Индия былтыр жыл аягында Ооганстандан, Бангладештен жана Пакистандан мыйзамсыз жол менен келген мусулман эмес иммигранттарга жеңилдетилген шартта жарандык берүү боюнча мыйзам кабыл алган. Өлкөдөгү айрым мусулмандар бул аларга каршы багытталганын айтып, нааразылык акциялары болгон жана ал кагылышуу менен коштолгон. Премьер-министр Нарендра Моди дооматтарды четке каккан.

Индияда 200 миллиондой адам ислам динин карманат.

Былтыр августта Индиянын өкмөтү Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарган жана муну аймактагы «жикчилдиктин, террорчулуктун жана тууганчылыктын» тамырын кыркуу аракети менен түшүндүргөн.

Атайын макамга ылайык, мусулмандар басымдуулук кылган Жамму жана Кашмир штаты өзүнүн Баш мыйзамы менен иш алып барып, тышкы саясат, коргонуу жана коммуникация тармактарынан башка бардык маселелерде Нью-Делиден өз алдынча чечим кабыл алып келген эле. Индиянын мындай макамды жокко чыгарган чечими Пакистандын кескин нааразылыгына себеп болгон.

Индия менен Пакистан Кашмирди 1947-жылы Британиянын карамагынан чыккандан кийин бөлүп алган. Өзөктүк куралы бар эки коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы үч согуштун экөө дал ушул Кашмирдин айынан башталган.

XS
SM
MD
LG