Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

Олий Мажлис Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу өлкө болушун колдоду


ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары.
ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары.

Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасы 28-апрелде Өзбекстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) байкоочу өлкө катары катышуусун колдоду. Муну аталган мамлекеттин өкмөтү сунуш кылган.

«Азаттыктын» өзбек кызматы парламенттин мыйзам чыгаруу боюнча төмөнкү палатасынын жыйынында 86 депутат сунушту колдогонун, 32си «каршы» добуш берип, 14 депутат добуш берүүдөн карманганын жазды. ЕАЭБ менен кызматташуу маселесин эми Сенат карашы керек.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ушул жылдын 24-апрелинде парламентте жасаган билдирүүсүндө өкмөт Евразия Экономикалык Биримдиги менен кызматашууну карап жатканын, Өзбекстан чыгарган өндүрүмдүн 80% Бажы Биримдигине кирген өлкөлөргө экспорттолорун айткан.

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы Биримдиги катары түзүлгөн. Кийин бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. Молдова байкоочу өлкө статусуна ээ.

XS
SM
MD
LG