Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Адвокат: Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко катышат


Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 3-март, 2020-жыл. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана адвокат Замир Жоошев.
Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 3-март, 2020-жыл. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана адвокат Замир Жоошев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча 29-апрелге белгиленген сот отурумуна катышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди:

«Алмазбек Шаршенович ден соолугу начар болгонуна карабай, Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан жигиттерди колдош үчүн келерин айткан».

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 27-апрелге белгиленген соттук жараян айрым адвокаттардын жана Алмазбек Атамбаевдин сотко келбегенине байланыштуу 29-апрелге жылдырылган.

Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева мурунку президенттин саламаттыгы начар болгондуктан, сотко келе албай калганын айткан. Адвокат Замир Жоошев Атамбаевдин кан басымы дагы эле төмөн экенин билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы канааттандырарлык экенин, ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин, сотко катышуудан өзү баш тартканын билдирген.

2019-жылы 7-8-августта УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев ИИМдин убактылуу кармоочу жайларында камакта отурат.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева - үй камагында. Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши сотто февраль айында карала баштаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG