Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

ЖАМК: Өмүрбек Текебаев абакка кайтарылса чара көрүлөт


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев абакка кайтарылса түрмөдө уюк телефонду колдонгону үчүн дисциплинардык жазага тартыларын билдирди.

«Өмүрбек Чиркешович абакка кайра кайтарыла турган болсо иликтөө жүргүзүлөт. Телефонду кимден, кантип алганы боюнча түшүнүк кат алынып, ошого жараша дисциплинардык чара колдонулат», - деди ЖМКтын басма сөз катчысы Самат Калыков.

ЖАМКтын маалыматына караганда, Текебаев көрсөткөн телефон ал отурган камерага кантип, ким тарабынан киргизилгени аныктала элек. Мекеме уюк телефонду ЖАМКтын кызматкерлери алып кирип бериши мүмкүн эмес экенин, анткени алар текшерүүдөн өтүп турушарын, камеранын ичине жана ага кирип чыккан жерге видеобайкоо коюлганын кабарлады.

Ошол эле учурда Текебаев менен жолугушуу үчүн сырттан көп киши келип-кетип турганы жана саясатчынын коопсуздугу үчүн ал отурган камера күнү-түнү видеобайкоодо турганы да белгиленди.

Жакында эле Өмүрбек Текебаев коронавируска байланыштуу өлкөдөгү кырдаал тууралуу комментарий берип жатып өкмөт стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алышы керек экенин билдирген. Ал буга мисал катары №47 абакта отурганда уюк телефондорун кантип катканын айтып берген. Анын сөзү боюнча, өзү колдонгон дары-дармек салынган кутунун ичине кичинекей телефондорду салып алган. ЖАМК кызматкерлери жумасына бир нече жолу кирип текшерип, телефонду таба албай кетишчү.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, 2019-жылдын 21-августунда мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Ал эми камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновду сот залынан дароо бошоткон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту ишти жаңы жагдайларга байланыштуу кайра каралып жатат. 24-апрелде Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун үй камагындагы мөөнөтү эки айга узартылганын Текебаевдин жактоочусу билдирди. Маалымат боюнча, кийинки соттук отурум 14-майда болот.

Коомдук-саясий чөйрө эки саясатчыга 2017-жылы коюлган айыпты ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалап келатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG