Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:02

Тажикстанда 14 медицина кызматкери карантинге алынды


Куляб инфекциялык ооруканасы.

Хатлон облусунун Куляб шаарында инфекциялык оорукананын 14 дарыгери карантинге алынды. Медициналык кызматкерлер чет өлкөдөн келип 14 күнгө карантинде жаткан 60тан ашык эмгек мигрантын карашкан. Карантин бүткөн соң мигранттар менен кошо медиктер да үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Бирок эки күндөн кийин ак халатчандар кайра карантинге алынды. Оорукананын башкы дарыгери Абдукарим Шокиров 14 кызматкердин экөө пневмонияга чалдыкканын билдирди.

Тажикстанда коронавирусту тестирлөө Саламаттык сактоо министрлигинин лабораториясында гана жүргүзүлөт жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун талаптарына жооп берет. Бүгүнкү күнгө чейин 4100 тест жүргүзүлгөн, алардын ичинен 800дөйү кайрадан текшерүүдөн өткөн. Тажикстанга жалпысынан Орусия, Кытай, Германиядан 46 900 тест келген.

Расмий түрдө Тажикстанда коронавирус жуккан бир да учур каттала элек. Бийлик акыркы айда кайтыш болгон адамдар коронавирустан эмес, башка оорулардан көз жумганын түшүндүрүп жатат.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги элди дүрбөлөңгө түшпөөгө, ар кандай ушактарга ишенбөөгө чакырууда. Министрлик акыркы үч айда 5023 адам өпкө оорусунан улам ооруканага жатканын, бул сан өткөн жылга караганда 169 учурга аз экенин билдирүүдө.

Тажикстанда 27-апрелден тартып окуучулар эки жумалык каникулга таратылган. Маалыматка караганда, окуучуларды каникулга таратуу тууралуу чечимди өлкөнүн коронавирустун алдын алуу боюнча штабы чыгарган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG