Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:19

Машинеси менен коктуга кулап түшкөн адам мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө автомашинасы менен коктуга кулап түшкөн адам каза тапты. Бул тууралуу 29-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя Аламүдүн районунда 28-апрелдин кечинде болгон. «Тойота Прадо» үлгүсүндөгү автоунаанын 24 жаштагы айдоочусу машинеси менен Байтик айылынын Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунан коктуга кулап түшкөн.

Куткаруучулар жабыркаган адамды коктудан чыгарып, «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирок ал ооруканага жетпей көз жумган.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын аймагында түнкүсүн көчөдө жүрүүгө чектөө киргизилген. (RK)

XS
SM
MD
LG