Жыл башынан берки төрт ай аралыгында бажы жана салык тармагынан мамлекеттик бюджетке 10 млрд. сом түшкөн жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымдады. Анын айтымында, чек аралар жабылганына байланыштуу экспорт менен импорт кескин азайды, бул салык менен бажы төлөмдөрүнүн төмөндөөсүнө себеп болду.
«Кирешеден тышкары чыгаша бар. Бюджеттик кызматкерлердин айлык акысы, пенсия жана жөлөк пул үчүн ай сайын 7 млрд. сом чыгаша болот. Биз январь айынан бери жалаң үнөмдөө менен келе жатабыз. Бюджеттен жолдорду оңдоого, айыл чарба иштерин жүргүзүүгө, ирригацияга, таза суу менен камсыздоого бөлүнгөн акчадан тышкары бардык чыгашалар кыскарат», - деди Асрандиев.
Вице-премьер-министрдин айтуусунда эл аралык каржы уюмдарынан азырынча Эл аралык Валюта Фондунан 120,8 млн. доллар келип түшкөн.
Мындан тышкары эл аралык уюмдардан жалпы 700 миң долларлык дары-дармек, коргонуучу каражаттар алынган.
Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан жалпы 456 млн. доллар күтүп жатканы мурдараак кабарланган. (ZKo)