Бишкек шаарынын негизделгенине 142 жыл болду. Жыл сайын 29-апрелде Кыргызстандын баш калаасынын туулган күнү белгиленет.
Бул ирет коронавируска байланыштуу карантинден улам майрамдык оюн-зооктор уюштурулган жок.
Шаардык кеңештин спикери Жаныбек Абиров элди Интернет аркылуу куттуктап, тургундарды биримдик менен ооруну жеңип чыгууга чакырды.
Өлкөдөгү эң ири калаа эсептелген Бишкектин калкы 1 миллиондон ашат. Төрт районго бөлүнгөн. Алар - Биринчи май, Ленин, Октябрь, Свердлов.
Калаа 1878-жылы Пишпек болуп түптөлүп, 1926-жылы Фрунзе деп өзгөртүлгөн. 1991-жылы Кыргызстан СССРден бөлүнүп, эгемендик алган соң Бишкек деп аталган.
Шаардын аты XVII кылымда жашаган Бишкек баатырдын ысымынан коюлганы айтылып жүрөт. Дагы бир маанисинде жыгачтан жасалган курал, кымыз аралаштыргыч таяк дегенди билдирет.
Шаар тууралуу толук маалымат бул жерде: