Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Жалал-Абад облусунда 70 миңдей үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды


Жалал-Абад шаарындагы муктаждарга ун таратуу учуру.
Жалал-Абад шаарындагы муктаждарга ун таратуу учуру.

Облус аймагында буга чейин жардамга муктаж деп аныкталган 66978 үй-бүлөнүн дээрлик баарына азык-түлүк жагынан көмөк көрсөтүлдү. Бул жөнүндө өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов басма сөз жыйынында билдирди. Өкмөт өкүлүнүн айтымында 7100дөн ашык адам жергиликтүү бийликтин, 29 миңдей үй-бүлө жеке ишкерлердин, 39464 адам материалдык резервдер фондунун колдоосунда жардам алышты.

«Мындан сырткары 1227 түз байланыш номери аркылуу түндүк системасына катталган 6600дөн ашык адамдын жардам алуу боюнча арыздары каралып жатат. Ошондой эле өкүлдүн резервдик фондунан 2 млн. сомдон ашык каражат бөлүнүп берилди», - деди Мирзахмедов.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө унду бөлүштүрүү иштери атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде жүрдү. (RsK).

XS
SM
MD
LG