Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:34

Ош шаарында обсервациянын жанында жашаган тургундар өз коопсуздугуна тынчсызданууда


Оштогу оорукана.
Оштогу оорукана.

29-апрелде Ош шаарындагы Маматалиев клиникасына жакын жашаган тургундар өздөрүнүн саламаттыгына кооптонуп, клиникага кирип-чыккан кызматкерлер нормаларды сактабай жатканын айтып чыгышты.

Жакын жайгашкан Масалиев №55 көп кабаттуу үйдүн тургундары обсервация кооптуу жерде уюштурулганын, жанындагы көп кабаттуу үйлөрдө жүздөгөн тургундар жашаганын айтып чыгышты.

«Биздин короого кирип, атайын кийимдерин чечип, таштандыларды таштап бейтаптар келип кирип-чыгып жатат. Күзөтчүсү болсо айланып жүрөт. Ушундай нормалар бузулуп жаткандыктан эл тынчсызданып жатат. Биздин үйдү, жанындагы эки үйдү кошкондо 1 миңге жакын адам бар. Бул өтө жакын аралык. Биздин укугубуз тебеленип жатат», - деди №55 үйдүн башчысы Жамиля Абдуллаева.

Ал эми жергиликтүү комендатуранын басма сөз кызматы буга чейин тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, «клиникада коронавирус жуккандар жатат» деп айтуу азырынча эрте экенин жана комендатура жергиликтүү элди бул жагдайды туура кабыл алууга чакырарын билдирди.

29-апрелге карата өлкө аймагында СOVID-19га чалдыккандардын саны 729 кишиге жетти. Алардын 271и Ош облусунда. (DU)

XS
SM
MD
LG