Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

Медицина кызматкерлерине март айы үчүн кошумча акы төлөнүп бүттү


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 29-апрелде брифинг учурунда билдирди. Анын айтуусунда, Саламаттык сактоо министрлигинин атайын эсебине 135,2 млн. сом келип түшкөн. Атайын комиссиянын чечими менен анын ичинен 34 743 932 сом медицина кызматкерлерине кошумча сый акыга алынган.

Боронов ушундай эле кошумча сый акы өзгөчө абал шартында иштеген башка мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде милиция кызматкерлерине да төлөнүп берилерин кошумчалады. Биринчи вице-премьер-министр бул Эмгек кодексинде каралганын жана аны эч ким өзгөртө албай турганын айтты.

Кубатбек Боронов ошондой эле өзгөчө абал учурунда коммуналдык кызмат акыларын төлөөнү үч айга чейин узартуу тууралуу өкмөттүн чечими чыкканын эскертип, төлөнбөгөн убакыт үчүн туум алынбай турганын жана өчүрүү болбой турганын билдирди.

Өкмөт өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шартында коронавируска каршы күрөшүп иштеген медициналык кызматкерлердин айлык маянасына кошумча сый акы төлөнүп берилерин билдирген. Анын өлчөмү 28 миң сомдон 48 миң сомго чейин деп белгиленген.

Бирок өкмөт убада берген сый акыны эмгиче албаганын айтып даттанган дарыгерлер көп болуп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG