Базар-Коргон районундагы айыл аралык жолдорго жергиликтүү тургундар тарабынан коюлган блокпосттордун баары 29-апрелден тартып алынды. Бул жөнүндө «Азаттыкка» район акиминин орун басары Нургазы Нармырзаев билдирди:
«Кырдаалга байланыштуу түзүлгөн райондук штабдын чечими ушундай болду. Анткени мындай чечим жазгы талаа иштерине жана өндүрүшкө тоскоолдук кылбоо максатында кабыл алынды. Бирок район борборундагы 4 карантиндик блокпост иштей берет».
Аксы районунда болсо 30га жакын айылдарда коюлган блокпосттор да бүгүндөн тартып алынды. Ала-Бука районунда тосмолорду алуу 30-апрелде башталарын райондук мамлекеттик администрация өкүлдөрү билдиришти.
Жалал-Абад облусунун аймагында 58 жерде санитардык карантиндик блокпосттор коюлган. (RsK)