Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 03:46

Кыргызстанда коронавирустун 114 очогу катталган


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул очоктор орун алган аймактардагы элди атайын түзүлгөн көчмө бригадалар үймө-үй текшерип, зарылчылык болсо тест тапшыртып, анын жыйынтыгына жараша иш алып барып жатышат. Бул маалыматты биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов 29-апрелде брифингде билдирди:

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун нускамасына ылайык жүргүзүлгөн санак боюнча өлкөдө апрель айынын аягына чейин 770 адам ооруга чалдыгат деп божомолдогонбуз. Бүгүн 729 адамга оору жукканы маалым болду. Анын ичинен 437 адам илдеттен айыгып чыкты. Биз көзөмөл кылып, илдеттин жайылышынын алдын алдык».

Боронов үйдө карантинде отуруу талаптарын бузган адамдарга 30-60 миң сомго чейинки айып пул салынганын, айрымдарынын иши сотко жиберилгенин кошумчалады.

Биринчи вице-премьер-министр элди ооруну биротоло жеңгенче көчөгө көп чыкпай, чыдап коюуга чакырды. Өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын шарттарын жеке өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүүлүк менен аткарууга үндөдү.

«Биз коронавирустун жайылышынын жогорку чегине жеттик деп айтуу азырынча кыйын. Учурдагы кырдаалды көзөмөлдө кармоого милдеттүүбүз», - деди Боронов.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч адам 18-мартта Сузак районунан табылган. 22-марттан тартып өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларына, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондоруна өзгөчө абал жарыяланган. 15-апрелден тартып алардын катарына Нарын шаары менен Ат-Башы району кошулган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 28-апрелдеги жардыгы менен Нарын шаары, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунан өзгөчө абал алынды. Ал эми Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда өзгөчө абал 10-майга чейин узартылды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG