Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Хиллари Клинтон президенттикке талапкер Жо Байденди колдоду


Буга чейинки президенттик шайлоодо Хиллари Клинтон Дональд Трамптын башкы атаандашы болгон.
Буга чейинки президенттик шайлоодо Хиллари Клинтон Дональд Трамптын башкы атаандашы болгон.

Буга чейинки шайлоодо АКШнын президенттигине негизги талапкерлердин бири болгон Хиллари Клинтон мурдагы вице-президент Жо Байденге колдоосун билдирди.

Байден быйыл ноябрда өтчү президенттик шайлоого Демократиялык партиянын атынан чыгууну көздөп турат. Видео конференцияга чогуу катышып жатып Клинтон «коронавирус пандемиясы күчөп турган шартта илимпоздорду уккан, Жо Байден сыяктуу лидер, президент керек, ал мындай учурга өмүр бою даярданган» деди.

Муну менен ал Байдендин 30 жашынан тартып көп жыл бою сенатор, анан вице-президент болгонуна ишарат кылууда. Ал эми Дональд Трамп президенттикке чейин мамлекеттик же саясий кызматта иштеген эмес.

Хиллари Клинтон - Байденди колдогон таасирлүү демократтардын бири. Ага чейин мурдагы президент Барак Обама, жарыштан четтеген сенатор Берни Сандерс да колдоосун билдирген.

XS
SM
MD
LG