Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Алматыда «Барыс-IV» базарынын соодагерлери нааразы болуп топтолду


«Барыс-IV» базары.
«Барыс-IV» базары.

Шейшембиде бул базардын 100дөй соодагери чогулуп, жергиликтүү бийлик менен базар жетекчилигинин чечимине нааразылык билдиришти. Чогулгандар үч жума карантиндик тыныгуудан кийин соода кылууга уруксат берилгенин, администрация ижара акысын чогултуп алганын, бирок эртеси базарды жаап салганын айтып даттанышты.

Аларга Алмалы районунун акими жолугуп, базар «санитардык талапка жооп бербей турганын» айтып, элди карантин бүткүчө күтө турууга чакырды. Базарга дароо полиция жана аскер машинелери келип, коопсуздукту күзөттү.

Натыйжада базар кайрадан карантинге жабылып, анын администрациясы ижара акысы эмки ай үчүн эсептелерин «Азаттыкка» билдирди.

Казакстанда өзгөчө абал 11-майга чейин узартылган. Бул өлкөдө коронавирус жалпысынан үч миңден ашык адамдан табылды, алардын бир миңдейи - Алматы шаарынын тургундары. Коронавирустан 25 адам ажал тапты, 775тей киши айыгып чыкты.

XS
SM
MD
LG