Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

Түркмөнабадда карантинде жаткан жарандар алыскы райондорго жеткирилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөн бийлиги өлкөнүн экинчи ири шаары Түркмөнабаддын четинде карантинде турган жүздөгөн жарандарды алыскы райондордун бейтапканаларга жеткирип салды. Бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) адистери келерде жасалды. «Азаттыктын» түркмөн кызматы 400дөн ашык адам райондук ооруканалардын бирине жана психиатриялык клиникага жайгаштырылганын жазды.

«Түркмөнстан хроникасы» сайты өлкө бийлиги коронавирус жугузуп алган жарандар бар экенин жашыруу максатында ушундай чечим кабыл алганын билдирген. ДССУнун өкүлдөрү эмки аптада келгени жатат.

Түркмөн бийлиги коронавирус жок экенин айтып келет. Бирок бийлик оорунун жайылышына каршы катуу чара көрүп жатат. Борбор Азиядагы эң жабык бул өлкөдө оорунун жайылып-жайылбаганы тууралуу анык маалымат алуу мүмкүн эмес.

Буга чейин бийликтин көрсөтмөсү менен «коронавирус» деген сөздү колдонууга, жазып, айтууга тымызын тыюу салынган.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов өз элин вируска каршы адырашманды колдонууга чакырган. «Азаттыктын» түркмөн кызматы Бердымухаммедовдун мындай сунушунан кийин мамлекеттик мекемелерде, мектептерде күнүнө кеминде эки жолу адырашман менен ысырыктоо жапырт башталганын жазган.

XS
SM
MD
LG