Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

30-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

30-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 15…20;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 11…16, күндүз 19…24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20 болот.

Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 17…19 градус болот.

XS
SM
MD
LG