Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:42

Ташиев: Дарыгерлердин коронавируска чалдыгышына өкмөт күнөөлүү


Кыргызстанда коронавирус илдетине кабылган 729 адамдын 191и медицина кызматкерлери. Алардын илдетке чалдыгуусунун негизги себеби - убагында зарыл болгон коргонуучу кийим-кече жана башка каражаттар менен камсыз болбогону. Бул тууралуу «Ата Журт» саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго жазган кайрылуусунда билдирген.

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) быйыл жыл башында эле бул илдеттин алдын алууну бардык мамлекеттерге эскерткен. Өзүңүз башында турган Коопсуздук кеңеши да бул илдетке каршы туруу боюнча бир нече көрсөтмөлөрдү берген, бирок эмне үчүн Мухамедкалый Абылгазиев баш болгон өкмөт коркунучтуу илдеттин алдын алып, кам көргөн эмес? Натыйжада, коргонуучу каражаттар менен толук камсыздалбаган дарыгерлердин жеке өмүрүн коркунучка салып, аларды коронавируска каршы күрөшкө салышкан», деп айтылат билдирүүдө.

Саясатчы өз учурунда коргонуучу каражаттар менен камсыз болбой, коркунучтуу вируска чалдыккандардын басымдуу бөлүгүн түзүп жаткан медицина кызматкерлеринин бул абалга кептелишине түздөн-түз өкмөт күнөөлүү деп эсептейт. «Ошондуктан, Мухамедкалый Абылгазиев баш болгон министрлер кабинетин кызматтан кетирип, жоопко тартыш керек», деп жазылган билдирүүдө.

Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылып кетишине жол берди, өз учурунда алдын алуу чараларын көрө алган жок деген жүйө менен мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди жоопкерчиликке тартууну парламент күч кызматтарына сунуш кылган.

ДССУ быйыл январь айынын башында Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирустун башка өлкөлөргө да жайылуу коркунучу бар экенин эскерткен. Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн мамлекеттик бюджеттен 300 млн. сом бөлүү жөнүндө чечим чыгарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG