Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Ош шаарынын бюджетине 150 млн. сом түшпөй калышы күтүлүүдө


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарынын казынасына алдын-ала божомолдор боюнча март, апрель, май айларында 150 млн. сом түшпөй калышы күтүлүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» мэриянын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талант Кайымов билдирди.

«Азыр тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз. 1-майдан тартып ишканаларды ишке киргизели деп жатабыз. Кээ бир ишканаларды 10-20-майдан баштап иштетебиз. Ошонун негизинде бюджет кайрадан иштелип чыгат. Июнь айында шаардык кеңешке (бюджетти кайрадан кароону) сунуш кылалы деп мэр менен макулдаштык», - деди Кайымов.

Март айында Ош шаарынын казынасына пландагыдан 39 млн. сомго аз акча топтолгон. Тагыраагы 119,3 млн. сом күтүлүп, бирок 79,4 млн. сом казынага түшкөн. Апрель айында канча сомго айырма болгону азырынча белгисиз. (DU)

XS
SM
MD
LG