«Азаттыктын» кабарчысы, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов 29-апрелде 44 жашында дүйнөдөн кайтты.
Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
«Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) жана «Жүрөктөгү бороон» (2019-жыл) ыр жыйнактарынын автору.
Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында, «Жаңы Агым» гезитинде иштеген.
«Азаттык» радиосунда 2014-жылдан бери эмгектенип жаткан. 2019-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болгон. Артында жубайы, эки уул, эки кызы калды.
«Азаттык» радиосунун эмгек жамааты Зайырбек Ажыматовдун үй-булөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
(«Азаттык» радиосунда Зайырбек Ажыматовдун жазган макалаларын бул жактан окуй аласыздар).