Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кырдаалда жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) өткөрүүнүн жол-жобосун даярдап жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова 29-апрелде билдирди. Анын сөзү боюнча, жалпы республикалык тестирлөө карантин бүткөндөн кийин гана болот.
«Жалпы республикалык тестирлөөнү аралыктан өткөрүү мүмкүн эмес. Ушул күнгө чейин бүтүрүүчүлөрдүн 80% тестирлөөгө катышуу үчүн каттоодон өттү. Тестирлөө карантин бүткөндөн кийин болот жана эки баскычтан турат. Билим берүү жана илим министрлиги ЖРТны тапшыруунун графигин да даярдап жатат. Жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун мөөнөтү тесттин жыйынтыгы чыккандан кийин чечилет», - деди Исмаилова.
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги IV чейректи 8-апрелден тартып аралыктан окутуп жатат.
Ошондой эле бүтүрүүчүлөр үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдануунун видеосабактары «Билим жана илим» (ЭлТР) каналынан эфирге бериле баштаган. (BTo)