30-апрелге карата Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 17 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Алардын үчөө Бишкек шаарында, бирөө Ош шаарында, экөө Ош облусунда, бирөө Жалал-Абад облусунда, тогузу Чүй облусунда жана бирөө Нарын облусунда.
Бир сутка ичинде 25 бейтап айыгып чыкты.
Жалпысын бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда бул илдет 746 адамга жукту, алардын сегизи кайтыш болду, 462 бейтап сакайып кетти.
746 адамдын 195и медицина кызматкери, алардын 105и айыкты.
Коронавируска байланыштуу 30-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилген.
28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чечими менен өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылды.
Кыргызстандык адистер өлкөдө коронавирус жуккандардын саны эң көп каттала турган мөөнөт 20-24-апрель болот деп болжолдогон. (RK)