Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Масалиев: Парламентке өкмөт башчы менен биринчи орун басары келсин


Жогорку Кеңеш. 15-апрель, 2020-жыл.
Жогорку Кеңеш. 15-апрель, 2020-жыл.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев 30-апрелде парламент жыйынында өкмөт башчы менен анын биринчи орун басары келип маалымат бериши керек экенин айтты. Депутат каржы маселелери боюнча өкмөткө бериле турган суроолор көп болуп жатканын эске салды:

«Биз өкмөткө эки жума мурда тапшырма бергенбиз. Анын ичинде каржы маселелери боюнча да тапшырмалар бар эле. Так, түшүнүктүү кылып, айтылган. Келип бизге маалымат берсин».

Масалиевдин сунушун «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко, Кенжебек Бокоев жана башка депутаттар колдоого алышты.

Парламент бүгүн, 30-апрель күнү Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалды 10-майга чейин узартуу боюнча президенттин жарлыгын карайт. Ошондой эле күн тартибинде кыргыз өкмөтүнүн өзгөчө кырдаал шартындагы антикризистик программасынын долбоору да талкууга коюлган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG