Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Матраимов: Банктар насыя төлөө шартын түшүндүрүп берсин


Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

КСДП фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов өзгөчө кырдаал шартында банктардан алган насыяларын төлөөдөн кыйналып жаткан шайлоочулардан суроо көп болуп жатканын билдирди. Депутат насыяны, үстөк пайыздарды төлөө боюнча Улуттук банктын жана башка коммерциялык банктардын жетекчилери келип, толук маалымат беришин талап кылды.

Улуттук банк өзгөчө кырдаал шартында насыяны жана үстөк пайыздарын төлөө мөөнөтүн узартып берүүнү коммерциялык банктарга сунуш кылган. Айрым коммерциялык банктар насыяны мөөнөтүнөн кечиктирбей төлөөнү талап кылып жатканына даттангандар болууда.

Коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. 15-апрелден тартып өзгөчө абал Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да киргизилген.

Президенттин 28-апрелдеги жарлыгына ылайык, өзгөчө абал Нарын шаарынан, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунан алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG