Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Үймө-үй кыдырып аныктоодо 35 адамдан COVID-19 табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул маалыматты премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев бүгүн, 30-апрелде парламентте билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, оорунун очогу болуп саналган 114 аймакта 508 миң адам текшерүүдөн өткөн. Алардын ичинен 35 адам коронавирус илдетин жугузганы аныкталган.

Өкмөт башчы 1-майдан тартып үч баскыч менен ишмердүүлүгүнө уруксат берилген ишканалар санитардык талаптарды так аткарууга милдеттендирилгенин эскертти:

«Ар бир ишкана өзүндө иштеген жумушчулардын илдетке чалдыгышынын алдын алат. Эгер бир киши ооруса, аны менен кошо иштеген адамдардын обсервациясы жана башка чыгымдары ишкана жетекчилигинин мойнуна коюлат»​.

Кыргыз өкмөтү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында 1-майдан тартып үч баскыч менен ишкана-мекемелердин ишке киришүү механизмин иштеп чыккан. Биринчи баскычтан ишке кирүүчү тармактарга өндүрүш, өнөр жайы, курулуш, соода, тейлөө тармагы кирет.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларына, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондоруна өзгөчө абал жарыяланган. 15-апрелден тартып алардын катарына Нарын шаары менен Ат-Башы району кошулган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 28-апрелдеги жарлыгы менен Нарын шаарынан, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунан өзгөчө абал алынды. Ал эми Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда өзгөчө абал 10-майга чейин узартылды.

30-апрелге карата Кыргызстанда СOVID-19 вирусуна 746 адам чалдыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG