Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Карантин убагында Кыргызстанда 70тей эне эгиз балалуу болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир жарым ай ичинде Кыргызстанда 68 эгиз жана бир үч эм төрөлдү. Бул тууралуу 30-апрелде Коронавируска каршы ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, коронавируска байланыштуу жарыяланган карантин маалында, 16-марттан 28-апрелге чейин жалпысынан Кыргызстанда 17 043 ымыркай жарык дүйнөгө келди.

Алардын 8495и кыз, 8548и эркек бала.

Ага чейин, февраль айында Аксыда 25 жаштагы келин, Бишкекте 37 жаштагы келин үч эм төрөгөн.

Өлкөнүн калкынын саны 6,5 миллион адам. (RK)

XS
SM
MD
LG