Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Европадан студенттерди алып келүү маселеси каралууда


Кыргызстандык мигранттарды алып келген чартердик каттамдагы учак. Апрель, 2020-жыл.
Кыргызстандык мигранттарды алып келген чартердик каттамдагы учак. Апрель, 2020-жыл.

Ушул тапта чет мамлекеттерде окуп жаткан 11 569 кыргызстандык студент бар. Алардын ичинен 7400ү Орусияда, 1859у Түркияда, 60 студент Польшада жана 80 студент Германияда. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 30-апрелде парламентте билдирди. Министр студенттердин каалоосуна жараша аларды алып келүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрүн кабарлады.

Тышкы иштер министри сырттан келе албай жаткан кыргызстандык мигранттарды колдоо максатында бөлүнгөн акча тууралуу маалымат берип жатып, Бириккен Араб Эмираттарындагы мигранттарга бөлүнгөн 5 млн. сом тууралуу да айтып кетти. Министрдин сөзүнө караганда, ушул тапта 3,5 миңге жакын кыргызстандык жаран Бириккен Араб Эмираттарында жумушсуз калган.

Кыргыз өкмөтү чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандык мигранттарды колдоо максатында 15 млн. сом бөлгөн. Анын 10 млн. сому Орусиядагы, 5 млн. сому Бириккен Араб Эмираттарындагы мигранттарды колдоо үчүн бөлүнгөнү кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG