Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Жалпы республикалык тестирлөө күндөрү белгилүү болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катталуу жана аны өткөрүү күндөрү жарыяланды.

30-апрелде онлайн-брифингде билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдиргендей, 4-майдан 15-майга чейин каттоо ачык болот. Ал эми негизги жана предметтик тесттерди тапшыруу 21-июндан 25-июнга чейин эки этапта өтөт.

Исаковдун айтымында, «бул үчүн бөлмөлөрдүн ичи дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат».

Министрлик белгилегендей:

- 21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы;

- 22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы;

- 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;

- 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;

- ЖРТ жыйынтыктарын жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт;

- 20-июлда жогорку окуу жайга тапшыруунун биринчи туру;

- 27-июлда жогорку окуу жайга тапшыруунун экинчи туру;

- 3-августта жогорку окуу жайга тапшыруунун үчүнчү туру өтөт.

Ал эми адистештирилген орто окуу жайларына документтерди тапшыруу 1-июлда башталат.

Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам Кыргызстанда көптөгөн мекеме-ишканалар сыяктуу эле мектептер, жогорку окуу жайлары жана бала бакчалар да убактылуу жабылган. (RK)

XS
SM
MD
LG