Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:27

Тажикстан фамилия менен атасынын атын орусчалап жазууга тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда парламенттин төмөнкү палатасы 29-апрелде «Жарандык абал актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Ага ылайык, мындан ары жаңы төрөлгөн балдардын фамилияларына -ов, -ова, -ев, -ева деген, ал эми атасынын атына -ович, -овна, -евич, -евна деген орусча суффиксти кошуп жазууга тыюу салынды.

Өлкөнүн юстиция министри Музаффар Ашуриён муну «улуттук ысымдарды калыбына келтирүү» саясаты менен түшүндүрдү. Эми мындан ары жаңы төрөлгөн балдардын фамилияларына тажикче -пур (эркек балдарга), -духт (кыздарга) деген суффикс уласа болорун айтты.

Министр бул мыйзам өлкөдөгү улуттук азчылыктын өкүлдөрүнө тиешелүү эмес экенин жана алар балдарынын фамилиясын, атасынын атын өздөрү каалагандай жаздыра алышарын билдирди.

Президент Эмомали Рахмон фамилиясы менен атасынын атын орусчалап жазуудан 2007-жылы баш тарткан. Анын жолун бир катар жогорку кызматтагы аткаминерлер да жолдошкон.

Тажик бийлиги 2011-жылы ата-энелерди жаңы төрөлгөн ымыркайына «улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен ат коюуга» милдеттендирген. Ошондон бери жарандарга балдарынын фамилиясы менен атасынын атын орусчалабай жаздыруу жөнүндө сунуш айтылып келген. Бирок кийинки убакта айрыкча Орусияга иш издеп кеткен тажик жарандарынын арасында аты-жөнүн тажикчелеп жазуудан кайткандар, орусча суффикс улагандар көбөйдү.

XS
SM
MD
LG